Диний секта
Диний секта (лат. sekta – ой-пикир мүнөзү, окуу) – диний бирикмелердин бир түрү.
Диний секталар таптык антогонисттик коомдогу өзүнүн абалына канааттанбаган топтордун социалдык каршылыгы катары жаралган, тигил же бул диний багытка каршы турган агым. Ага өзүлөрү туткан көз караш, ой-пикирлерди, принцип жана доктриналарды өзгөчө деп эсептеп, башкалардан жогору коюу, ошол себептүү обочолонуу, фанатизм мүнөздүү. Диний секталар диний институттардын ролун танат, жетекчилик жөндөм кудайдын кудурети менен гана тартууланат деп эсептешет. Бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугун, уюмга кирүү ар кимдин каалоосу боюнча гана болушун жакташат, элге «кайрылууга» өзгөчө басым жасашат. Көрсөтүлгөн белгилер башка диний уюмдарда да болушу мүмкүн, Диний секталар өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү көп.
Убакыттын өтүшү менен айрым Диний секталар жоюлуп, башка түргө өтүшү же социалдык шарттарга ылайыкташып кетишкендиктери кездешет.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8