Динлин, тинглинг финн-угорлорго караштуу байыркы уруу. Б. з. ч. 4-3-кылымда динлиндер Саян-Алтай, Минуса ойдуңу жана Гоби чөлүнүн түндүгүн мекендешип, күч-кубатка ээ болгон мезгилинде Түндүк Кытайды басып алышып, Чжоу бийлигин курушкан деген маалыматтар бар. Б. з. ч. 201-жылы хунндардын чабуулуна байланыштуу батышка ооп, 49-жылы аларга багынышкан. Кээ бир белгилүү окумуштуулардын (мисалы, А. Н. Аристов, С. М. Абрамзон, С. П. Толстов жана башка) пикиринде динлиндер кыргыз элинин калыптанышына таасир тийгизген уруулардын бири болгон. В. В. Бартольд боюнча динлиндер енисейлик остяктардын (кеттер) байыркы ата-бабалары болушу мүмкүн. Динлин тууралуу акыркы кабар моңголдордун Саян-Алтайды басып алышы (12-к.) менен аяктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү