Дипломатиялык акт — эл аралык укуктун субъектеринин тышкы байланыштар органдарынын жана кызмат адамдарынын өзүнүн артынан саясий жана укуктук натыйжаларды алып келүүчү (дипломаттык мамиле түзүү, ишеним грамоталарын тапшыруу, көз карашты чагылдырган билдирүүлөр ж. б.) аракеттери же билдирүүлөрү. Жазуу жүзүндөгү дипломаттык документтер да (келишим, нота, меморандум ж. б.) допломатиялык акт катары түшүнүлөт.

Түрлөр

түзөтүү

Дипломатиялык актынын бир нече түрү бар. 1. Нота мамлекеттер ортосундагы мамилелердин ар түрдүү маселелерин тастыктоо иретинде тийиштүү таризде чагылдыруучу расмий кат аркылуу кайрылуу; кандайдыр бир факт жөнүндө кабар берүүчү дипломатиялык документ. Нотада аны жиберген өкмөттүн каралып жаткан маселелер боюнча расмий көз карашы берилет. Нотаны, адатта, бир мамлекеттин өкмөтү башка мамлекеттин өкмөтүнө жиберет. Жеке (коллективдүү) нота: өздүк жана вербалдык деп экиге бөлүнөт. Өздүк нота биринчи жактан жазылып, жиберген кишинин колу коюлат. Вербалдык нота үчүнчү жактан жазылат да, кол коюлбайт (бирок мөөрү басылат, номуру коюлат). 2. Меморандум көбүнчө нотага тиркелип, каралып жаткан маселенин иш жүзүндөгү, документтик же укуктук жагдайлары баяндалуучу документ. 3. Эскертме кат кыскача меморандум иретинде жазылып, оозеки билдирүүлөргө кошумча катары датасы коюлуп, жөнөтүлгөн жери көрсөтүлүп жиберилчү же колмо-кол тапшырылуучу документ. 4. Дипломатиялык иште кээде расмий кат жиберүү да колдонулат, бул да нотанын бир формасы болуп эсептелип, жиберген адамдын тилинде же дипломатиялык тилдердин биринде жазылат.

Булактар

түзөтүү
  • «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7