Дипломдук иш – жогорку, атайын орто окуу жайларды бүтүрүүчүлөрдүн айрым адистик боюнча аткарылган илимий-изилдөө ишинин жыйынтыгын мүнөздөгөн корутунду эмгеги. Дипломдук иштин максаты – бүтүрүүчүлөрдүн атайын теориялык билимин, практикалык иштерин иретке келтирип, жыйынтык чыгаруу же текшерүү. Дипломдук иш студенттин өз алдынча илимий иш аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт жана мамлекеттик атайын экзамен комиссияларынын алдында корголот.