Диптан Ольга Климентьевна

Диптан Ольга Климентьевна (29.11. 1912-ж. т.) - колхоз өндүрүшүнүн новатору. УССР Киев облусынын Васильков районуундагы Ильич атындагы колхоздун звеновою (1929). Эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры (1954, 1958).

1948- жылдан КПСС мүчөсү. Диптан башкарган звено 1953-ж. 5,8 га кант кызылчасынын ар гектарынан 606 ц, 1957-ш. 611 ц (7,7 га) жана 1968-ж. 604 ц (60 га) түшүм алган.

УССР Жогорку Советинин (5-6-шайл.) депутаты. КПСС- тин 21-23-съезддеринин делегаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.