Дирак теңдемеси - салыштырмалуулук теориянын талаптарын канааттандыруучу электрон кыймылынын кванттык тендемеси.

Аны 1928-ж. П. Дирак аныктаган. Дирак тендемесинин жардамы менен суутек жана суутек сымал атомдордун энергия денгээлдерин чоң тактыкта эсептөөчү формуланы алууга, о. эле Зееман эффектисин жана Комптон эффектисин түшүндүрүүгө мүмкүндүк болду.

Дирак тендемесиде эркин кыймылдоочу элементардык болүкчөлөрдүн терс маанидеги энергиясына дал келүүчү чыгарылыштардын болушу - бул теңдеменин маанилүү өзгөчөлүгүнүн бири. Бөлүкчөлөрдүн бир бирине айланышы жана кадимки эле элементардык бөлукчөлөргө түгөй антибелукчөлөрдун касиеттери да Дирак тендемеси менен түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.