Дисквалификация (дис... жана квалификация) – 1) кимдир бирөөнү берилген ишти аткарууга жөндөмсүз же кызмат ордуна татыктуу эмес деп табуу; 2) спортчуну (команданы) оюндун, мелдештин эрежелеринин техникасын одоно бузгандыгы үчүн мелдештен четтетүү (Мисалы, футбол оюнунда башка спортчуну муштап же тээп жиберсе); 3) адеп-ахлак, ыйман нормаларын бузгандыгы же спорттук квалификациянын талабына туура келбеген иштерди жасагандыгы (Мисалы, допинг колдонгондугу) үчүн спортчуну (команданы) мелдешке катышуу укугунан ажыратуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1