Дискета – магнит дискалуу кассета-конверт. Маалыматтарды жана программаларды сактоо үчүн колдонулат. Катуу дискадан айырмаланып ийилгич жана жеңил. Бир топ жайыраак иштейт, маалымат аз батат. Негизинен дискета пластмассадан жасалып, эки жагынан магниттик катмар менен капталат. Дискетанын бети кабар сакталуучу бөлүктөргө бөлүнгөн (форматталган). Дискетаатайы салгычка салынып, компьютерге киргизилет. Компьютер диск салгычтын ичиндеги кыймылсыз магниттик бөрктүн жардамы менен маалыматты дискетага сактап жана окуп берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1