Дискурс (франц. discours - кеп) – прагматикалык, социалдык, маданий, психологиялык, ар түрдүү экстралингвистикалык факторлордун жуурулушу аркылуу куралган текст, кептик структура, жандуу турмуштук аспектини, адамдардын өзара карым-катышын, алардын максаттуу социалдык маданий, саясий иш-аракетин, когнитивдик процесстерди чагылдырып, аларга таасир эткен кептик ишмердик, кептик структура, текст.

Кээде Дискурсту «жандуу турмушка чөгөрүлгөн», «турмуштун казанында кайнаган кеп» деп да аташат. Ошондуктан Дискурс текст термининен кичине айырмаланып, байыркы тексттерди атоодо колдонулбайт, себеби ал тексттер жандуу турмуштук кырдаалдар менен бүгүнкү тапта байланышсыз. Дискурс бүгүнкү күндүн «турмуштук формалары» (саясат, экономика, дипломатия, маданият, публицистика, укук ж.б.у.с.) менен карым-катышта изилденет жана ушул «турмуштук формалар» же жашоо, турмуштук контексттик Дискурсфрейм (типтүү кырдаал) же сценарий түрүндө моделдешет. Дискурс түшүнүгүнүн жаралышы адегенде, синтаксисти сүйлөм чегинен жогорку структураны анализдөө зарылчылыгынан (гиперсинтаксис, макросинтаксис, тексттин синтаксиси – Т ван Дейк, В.Дреслер), кептин прагматикасын иштеп чыгуу менен, кепти социалдык таасирлүү иш-аракет катары түшүнүүдөн келип чыккан. Кийин Дискурс түшүнүгү прагматикалык жактан шартталган, коюлган максаты боюнча, тексттик структуранын түрлөрү боюнча айырмаланган кептин типтерин атоо үчүн колдонулуп калды.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4