Дискурсивдүү (лат. сөзү discursus – ой жүгүртүү) – түздөн-түз сезим менен интуитивдүү таанып билүүдөн айырмаланып, акыл ой чабыттатып, демонстративдүү, логикалык талдоого алуу.

Чындыкты тикеден-тике (интуитивдүү) жана кыйыр (далилдердин негизинде кабыл алынган) деп бөлүштүрүү Платон менен Аристотелден бери келе жатат, ал эми Дискурсивдуу термини Фома Аквинскийден кездешет. Философиянын тарыхында Дискурсивдүү ой-жүгүртүүнүн маанисин танган да (Якоби ж. б.) жана аны ашыра баалаган да (Вольф ж. б.) мисалдар кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8