Уолт Дисней

Дисней, Дисни Уолт‎»‎ барагынан багытталды)

Уолтер Элайас Дисней (5. 12. 1901, Чикаго – 15. 12. 1966, Бербанк) – америкалык кинорежиссёр, продюсер.

Уолт Дисней (1946).

Чикагодогу көркөм искусство академиясынан окуган. 1919–22-ж. сүрөтчүлүк кесипти аркалаган, кийин кино тармагына өткөн. 1922-ж. Голливудга келген. 1933-ж. англис жомогунун негизинде тартылган «Үч торопой» мультфильми үчүн Оскар сыйлыгын алган. Анын «Микки Маус», «Маугли», «Бэмби» мультфильмдери белгилүү. «Апакай менен жети эргежээл», «Пиноккио» (1939), «Бэмби» (1942), «Алиса шумдуктардын өлкөсүндө» (1951), «Уйкудагы сулуу» (1958) жана башка 1950–60-жылдардын аяк ченинде Диснейстудиясы табият көрүнүштөрүн көрсөтө турган документалдык фильмдердин сериясын тартууга өткөн: «Адамдар жана мамлекеттер», «Турмуштагы укмуштуу окуя» (айбанаттардын жашоосуна байкоо жүргүзүү). Телекөрсөтүү үчүн атайын программаларды, көптөгөн фильмдерди чыгарган. 1955-ж. Анахайм (Калифорния) шаарында «Диснейленд » паркы ачылган. Анда техникалык аттракциондун жардамы менен Дисней фильмдеринин образдары көрсөтүлөт. Дисней «Робин Гуд», «Казына катылган арал», «Суу астында сексен миң мил» деген көркөм фильмдерди тарткан. Фильм дери үчүн 29 жолу «Оскар» сыйлыгын жеңип алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1