Диспрозий (лат. Disprosium, Dy) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 66, ат. м. 162,50. Д. массалык саны 147Dу – 167Dу болгон 21 изотобу белгилүү, алардын ичинен массалык саны 156Dу, 158Dу, 160Dу, 161Dу, 162Dу, 163Dу, 164Dу болгон жети изотобу жаратылышта кезигет. Д. жер кыртышында 4,5×10-4 % санда кездешет. 1886-ж. Лекок де Буабодран тарабынан Д. оксиди табылган. Бирок 20-ж. кийин гана Урбен салыштырмалуу таза Д. алган. Д. - күмүш түстүү ак металл; балкып эрүү темп-расы 1407оС; кайноо темп-расы 2600оС; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт; анын окистенүү-калыбына келүү потенциалы -2,35 барабар. Азыркы учурда Д. жогорку бирикмелерин ысытуу аркылуу кальциотермиялык ыкма менен алынат:

Диспрозий.

2Dy2O3 + 6F2 = 4 DyF3 + 3O2 ; 2 DyF3 + 3Ca = 2 Dy + 3CaF2.

магниттик куймалар, атайын жасалган айнектер курамына кошулат. Металлды легирлөөдө, радиоэлектроникада, хим. ө. ж-да катализатор катары, о. эле медицинада тери ооруларын дарылоодо да колдонулат.

Колдонулган адабияттар