Диспут(лат. disputāre – ой жүгүртүү, талашуу) – 1) oкуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү жана адептик тарбия берүү иштеринин (класстан тышкаркы) өзүнчө түрү. Окуучулар абдан кызыккан жана аларды толкундатуучу орчундуу маселелер диспут темасы катары тандалып алынат. Диспут окуучулардын дүйнөнү таанып-билүүдөгү жеке түшүнүгүн кеңейтип, талкуулаган илим тармагын туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт; 2) түрдүү көз караштагы окумуштуулар, жазуучулар жана башка адамдардын ортосундагы талаштар; 3) илимий даража алуу үчүн диссертация коргоодогу талаш-тартыштар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1