Диссипация (лат. dissipatio — чачыроо) — күчтөрдүн (тутумдун чекиттеринин ылдамдыкка көз каранды болгон күчтөрү) аракетинин натыйжасында тутумдун энергиясынын азаюу процесси. Мисалы, сүрүлүү күчүнүн таасири менен нерсенин механикалык энергиясы азайып, жылуулук энергиясына айланат, Омдук каршылыктын таасири менен электр термелгич тутумунун электр-магниттик энергиясы азаят, башкача айтканда диссипацияланат.

Булактар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1