Дифосген, CCl3OCOCl - хлордуу көмүр кислотасынын трихлорметил эфири; чириген чөп жыттанган, абада бир аз түгөөчү, кыймылдуу, түссүз оор суюктук. Эрүү t-57°С, кайноо t-128°С. Сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Сууда гидролизденет, аммиак жана амин менен активдүү аракеттенип, мочевина же анын бирикмелерин пайда кылат. Дифосген метилхлорформиатты хлорлоодон алынат. Дифосген өтө уу, тумчуктургуч касиетке ээ. Биринчи дүйнөлүк согушта ууландыргыч зат катары колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү