Дифракция (лат. diааractus – сынган), 1) толкундун дифракциясы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Дифракция бардык толкундарда (үн, электр-магнит жана башка) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу менен чамалаш болууга тийиш. Дифракция кубулушунда толкун тоскоолдун көлөкө жагына карай ийилип өтүү менен таралат. Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуштун угулушу да үн толкунунун дифракциясы менен түшүндүрүлөт, ошондой эле жер бетинин айланасындагы радиотолкундун дифракциясы алыс жайгашкан антеннанын узун жана орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 2) Рентген нурунун дифракциясы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй чачыратышы. Табигый дифракция торчосу болгон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, дифракция пайда болот. Анткени торчодогу атомдор аралыгы рентген нурунун толкун узундугуна чамалаш. Толкундун дифракциясы микробөлүкчөнүн табиятын изилдөөдө зор мааниге ээ. Дифракция спектр приборлорунда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1