Дифференциал эсептөөлөрү

Дифференциал эсептөөлөрү - математиканын функция туундулары менен дифференциалдарын эсептөөчү жана алар аркылуу функциянын касиетин үйрөтүүчү бөлүмү.

Дифференциял эсептөөлөрү ийри сызыктарга жаныма жүргүзүүгө, кыймылдын ылдамдыгын эсептөөгө, функциялардын эн чон жана эн кичине маанилерин табууга, берилген маселелерди чыгарууга байланыштуу келпи чыккан.

Дифференциял эсептөөлөрүнүн негизги түшүнүктөрү - туунду жана дифференциал. Булар өз кезегинде удаалаштык же функция, чексиз кичирейүүчү чоңдуктун предели жөнүндөгү түшүнүктөр менен байланышкан. Функциянын туундусу белгилүү болсо, анда анын өсүү жана кемүүсүн, максимум жана минимум чекиттерин табууга болот. Алгебр. методду колдонуп, ийри сызыкка жаныма жүргүзүү менен бардык маселени чыгарууга мүмкүн. Мындай методду Р. Декарт «Геометрия» деген китебинде өнүктүргөн. Төңдемөни чыгарууда тендеме оз ара барабар 2 тамырга ээ боло турган шартты изилдеп, Декарт ийри сызыктын жанымасын тапкан.

17-кылымдын 2-жарымында Дифференциял эсептөөлөрү методу менен чыгарыла турган маселелердин аймагы, заматта болгон ылдамдык жана жаныманын арасындагы байланыш белгилүү болуп калат. Бирок Дифференциял эсептөөлөрү анчалык так иштелген эмес.

Дифференциял эсептөөлөрүн И. Ньютон менен Г. Лейбниц иштеген. Ньютон туундуну флюксия (лат. fluere - ачуу) деп этап, «предел» терминин киргизген. Дифференциял эсептөөлөрүн Ньютон кенири колдонгон. Азыркы кездеги колдонулуп жүргөн жана кеңири өркүндөтүлгөн белгилөөлөрдү Г. Лейбниц иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.