Дихлорэтан (1,2-дихлорэтан, сим-дихлорэтан, этилендихлорид) ClCH2CH2Cl, мол. массасы 98,96; таттуу даамдуу түссүз суюктук; балкып эрүү t -35,36оС; кайноо t 83,470С; d420 1,253; аба боюнча тыгыздыгы 3,4; nD20 1,4448. Д. орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Сууда эригичтиги: 0,87 % (20оС), 1,38 % (72,5оС). Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат.(кайн. t 71,6оС; 91,8 %Д.). Д. суюк фазада 2,2-азобис-изобутиронитрил катышуусу менен же буу фазада (катализатор - Al2O3, активдүү көмүр жана башка) хлор менен аракеттенип, трихлорэтанга айланат. 250оС жана андан жогорку тем-рада Д. щелочтор суу же спирт эритмелери менен винилхлорид пайда кылат. Д. малекуласындагы хлор атомдору башка топтор менен орун алмашат. Мис., суу менен аракеттенип этиленгликоль, аммиак менен этилендиамин, NaCN менен - акак к-тасынын динитрилин, бензол менен дифенилэтан (дибензил) пайда кылат. Na2S менен ысытканда полиэтилентетрасульфиддер алынат. Д. этиленди суюк же буу фазада хлорирлөө жана 210-260оС катализатор катышуусунда этиленди окистендирип хлорлоо менен алынат:

СН2 =СН 2 + 2HCl+1/2O2 ® C2H4Cl2+ H2O

Д. винилхлорид, этиленгликол, этилендиамин, полисульфид каучуктарын алууда, эриткич, катары колдонулат. Д. -уулуу зат; адам эс-акылынын бузулушуна, бөйрөк жана боор ооруга чалдыгуусуна алып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү