Дихроизм (гр. dichroos – эки түстүү) – полярланууга жараша жарыктын заттарда ар түрдүү жутулуу процесси. Жарыктын жутулушу толкун узундугуна да көз каранды болгондуктан, дихроизмдүү заттар байкоо багытына жараша түрдүү түстө болушат. Бул кубулушка «плеохроизм» термини туура келет (гр. pltōn – көп жана chrоa – түс), бирок бул термин аз колдонулат. Дихроизм 1809-ж. П. Кордье тарабынан кордиерит деп аталган минералда ачылган. Дихроизмдин төмөнкүдөй түрлөрү бар: сызыктуу дихроизм: – эки өз ара перпендикуляр сызыктуу полярланган жарыктын затта ар башкача жутулушу; тегерек дихроизм – затта оң жана сол тегерек полярланган жарыктын бирдей эмес жутулушу; эллипстик дихроизм – затта оң жана сол эллипс боюнча полярланган жарыктын бирдей эмес жутулушу. Дихроизм колдонмо (прикладдык) кристалл-оптика менен минералогияда минералды жана тоотекти, химия менен биохимияда молекуланын түзүлүшүн аныктоо үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1