Дмитриев, Николай Михайлович

Дмитриев, Николай Михайлович (19.12. 1917, Оренбург облусу Новоорск району, Кумак кыштагы 19. 12.1981, Саранск) – Улуу Ата Мекендик согуштун [1]. Советтик Союзунун Баатыры (1941), запастагы майор (1959). Оренбург финансы техникумун (1933), Ленинград артиллериялык окуу жайын (1945) бүтүргөн.

Өмүр жолу түзөтүү

1917-жылы Оренбург областынын Ново-Орск районундагы Кумак айылында туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү. Атайын орто билимге ээ болгондон кийин Фрунзеге келген. Республикалык “ Заготскот” конторасында башкы бухгалтердин орун басары болуп иштеген.1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган.Катардагы жоокер.Танкка каршы замбиректин мээлегичи.

Эрдиги түзөтүү

Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнунан тартып, Батыш фронтунда катышкан. 1941-жылы 10-июлда Белоруссиядагы Борисов шаарынын жанындагы урушта душмандардын 2 танкасын талкалап, өзү оор жарадар болсо да, үчүнчү танканы кыйраткан. Бул эрдиги үчүн Кыргызстандык жоокерлердин ичинен Советтик Союзунун Баатыры наамы биринчи ыйгарылган. 1941-жылы танктардын катуу чабуулун токтотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган. Госпиталдан дарыланып чыккандан кийин Н. М. Дмитриев душмандар менен согуш аяктаганга чейин салгылашып, даңктуу жолду басып өткөн.Андан соң офицер болупСоветтик Армиянын катарында кызмат өтөөсүн уланткан.
Запаска чыккандан кийин Саранск шаарында жашап, “Электровыпримитель” заводунда иштеген. 1981-жылы дүйнөдөн кайткан. Саранскидеги бир көчөгө анын мемориалдык тактасы орнотулган. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Иманкулов.А, Алыкулов.Б, Турсунбеков.Ч “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт”- Фрунзе; 1986
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 26 августа 1941 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1941. — 13 сентября (№ 39 (154)). — С. 1.