Дмитрий Ерохин

орусиянын эң күчтүү жөө күлүгү, саякатчы, коомдук ишмер, орусиянын спорт милдеткери

Дмитрий Юрьевич Ерохин (1979 –жылдын 1-ноябрында, Новокузнецкте,Кемеровск областында туулган)  россиянын ультрамарафончусу жана  трейлраннери,  сүйүүчү спорттун ишмери[en]. Коомдук ишкер, спорттун чуркоо түрлөрүн жана ден соолукту чыңдоону  алып жүрүүчү.

Дмитрий Юрьевич Ерохин
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Дмитрий Юрьевич Ерохин
Туулган жылы: 1979-жылдын 1-ноябры (37 жаш)
Туулган жери: Новокузнецк, Новокузнецк шаардык округу, Кемеров областы, РСФСР, СССР
Өлкө: СССР Россия
Ишмердүүлүгү: спортшы
Бою 193 см
Салмагы 88 кг
Клубу Динамо
Тренери Всеволод Худяков
Спорттук мансабы 2006-н.в.
5 км 18:44 (2014)
10 км 37:14 (2014)
Полумарафон 01:23.31 (2013)
Марафон 03:01.02 (2013)
100 км чуркоо 10:09.48 (2009)
Багыты: Марафон

Өмүр баяны түзөтүү

Дмитрий Ерохин Кемеров областынын Новокузнецк шаарында  1979 –жылы туулган. Азыркы учурда Москванын  Гольяново районунда жашат. Адиси боюнча — сот юристи.

Спорт мансабынын башталышы түзөтүү

Дмитрий Ерохин 2006-жылдын жай айында 26 жаш курагында чуркоого кызыгып калган. Анын айтуусу боюнча спортко аны  Андрей Чирковдун «Бег в помощь» китеби алып келген, ал жерде автор өзүнүн биринчи марафонуна 100 күн даярданганын жазган

Мен спортту жакшы көрчү эмесмин, бирок бул адамдын тарыхы көңүлумдү эргитти, күтүүсүздөн машыгуу планын түздүм, 100 күн мөөнөтүн камтыган жакынкы чуркоо күнүн белгиледим – бул Нижный Новгороддогу марафон болчу – ойлогонумду 96 күндө ишке ашырдым.

Ушул китептин аркасы менен  2009-жылдын апрель айында Москва областынын Пущина шаарында өткөрүлгөн Россия чемпионатында биринчи жолу 100 киллометр чуркоо менен ультрамарафонго келген. Ерохин сегизинчи болуп финишке келген жана ошол жерден биринчи болуп келген Всеволод Худяков менен таанышкан. Мындан ары Дмитрий Худяковдо машыга баштаган.

Дмитрий Ерохин экстримге болгон шыгын ишке ашыруу менен жерлерди кесип өтүү боюнча чуркоого—трейлраннингге берилип кеткен. Шосседен  “кыйчылаш жолго” биринчи жолу 2008-жылы июль айында Түндүк  Уралдагы[3] Конжак-XIII4 ] тоо марафонунда өткөн.  

Ерохиндин аралыктагы ультрамарафону трейлраннинг форматындагы 2012-жылы Украинанын Ивано-Франковской областында өткөрүлгөн Salomon Race Karpatia жарышы болгон. Ал жерге Дмитрий ошол убакта Россияда мындай мелдештер өткөрүлбөгөндүктөн атайын чуркоого катышуу үчүн барган.

Сахара 2013 түзөтүү

Дмитрий Ерохин үчүн спортсмен катары өзүн өзү даярдоодо мансаптагы башкы чакырык анын айтуусу боюнча 2013-жылдын апрель айындагы Сахара чөлүндө өткөрүлгөн Marathon des Sables жарышына катышуусу болуп саналат. Мелдешке даярдыкты Дмитрий Россияда кышында −10-15 °C температурада баштаган, 230 км аралыкты түзгөн алты күндүк чуркоону [5] +30-50 °С[6].температурада ишке ашырган. Уюштуруучулар чуркоочуларды суу менен камсыз кылышкан, ал эми калган бардык нерсени – тамак-ашты, кийимди, жабдууларды, ошону менен бирге чөлдө түнөө үчүн зарыл болгон жардамчы жабдууларды алар рюкзакка салып,ийиндерине асып жүрүүгө муктаж болушкан.

Дмитрий өзүнө минимум – биринчи жүздүн ичине кирүү, максимум – элүү чуркоочунун ичинен биринчи болуп келүү тапшырмасын койгон. Рюкзактын ичиндегилерди 6 этапка эсептөө менен Ерохин калориянын негизги булагы катары салону тандоо менен катуу жаңылган. Сало ээрип экинчи күнү бузулуп кеткен, жарыштын калган бөлүгүн Дмитрий ачка чуркап өткөн. Ерохинге башка Россия экстремалы Владимр Волошин углевод гелин жана эки батон мюсляны бөлүшүү менен жардам берген. Акырында Ерохин өзү койгон тапшырмаларды финишке 43чү, Россия чуркоочуларынын ичинен биринчи болуп келүү менен аткара алган. Өз жыйынтыгын баалоо менен Ерохин төмөнкүлөрдү айткан:

Көп машыгыш керек. Мага Дюжаков Алексейдин фиништен кийинки сөзү жакты: “Мен ички сезимимди даярдагам, денемди даярдашым керек болчу”. Өзүм үчүн пайдаланылбаган резервдерди көрдүм. Тамак-аштан жаңылып калгандыгым үчүн 2-3 саат убакытымды жоготтум, ал эми бул 43чү орун эмес бул алдыңкы отузга кирүү.

Москва-Сочи 2014 түзөтүү

Чоң медиялык баа жана коомдук резонансты 2014-жылдын кышкы алимпияда  оюну башталаардын алдында Дмитрий Ерохиндин Москвадан Сочиге чуркоосу алды. Бул кайрымдуулук чуркоо болчу. Акция инсульт менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү үчүн жана марафон чуркоосун жактырган Дарья Лисиченко директор болуп башында турган “ОРБИ” фонду үчүн социалдык жарнама тартууга 10 000 рубл жыйноо максатында жүргүзүлгөн.

Чуркоону жетектөөчү маалымат агенттиги жарыялады, Planeta.ru краудфандингиялык аянтчада каражаттарды жыйноо уюштурулган.

АКШда жана Европада спортсмен олуттуу чуркоого чыкканда өзүнүн кайрымдуулук идеясы менен чыгыш керек деген салт бар. Ошондуктан мен өзүмдүн чуркоомду инсульт менен күрөшүүгө арнайын деп чечтим, анткени бул оору бир гана Россияда эмес бүткүл дүйнөдөгү олуттуу проблема. Мындан тышкары чуркоо инсультту алдын алуунун эң жакшы жолу, ал эми фонт болсо бул ооруну башынан кечирген адамдарга жардам берет. Чуркоону инсультту башынан өткөргөн адам менен салыштырса болот, себеби күн сайын бир жумушту кыласың, тоскоолдуктарды жеңүү менен массатка жетүүгө аракет кыласың жана жеңишке ишенесиң.

Ерохин Кызыл аянтчада “ноль киллометр” деген белгинин жанынан 2014-жылдын 7-январында саат 10.00 до старт алган. Дмитрийди колдоону каалагандардын бардыгы колдоого мүмкүнчүлүгү болгон жана бир нече чуркоочулар аралыктын башталышында эле Дмитрийге кошулушкан. Ошондой эле чуркоонун башынан аягына чейин Дмитрийди анын досу Алексей Меркулов автомобиль менен коштоп барган. Андан ары Ерохин менен Алексейдин компаниясына башка чуркоочулар да кошулуп бир нече киллометрди чогу чуркашкан.

Графикке ылайык Ерохин күнүнө 55-60 км чуркоо менен 30 күндөн кийин Сочиде, 7- февралда өтүүчү баштала турган Олимпиядалык оюндардын ачылышынын салтанатына туш келмек. Каттамдын негизги бөлүгүн Дмитрий М4 (“Дон” автожолу) жолу менен чуркаган. Ал 23 күндүн ичинде 1376 км чуркап Липецк, Воронеж жана Ростов-на-Дону, шаарларына токтопо, мейманканалардан жай алып,  кабарчылар менен маектешип, Instagram[12] га каттамдагы сүрөттөрүн коюу менен 29-январда краснодарга келген. Ерохинге максатынын аягы болгон Сочиге жетүү үчүн бир нече күн калганда Эсептелген убакыттан ашык чуркоо менен, кээде күнүнө 80-90 км чуркоо менен Дмитрий [15] ультрамарафонду Олимпиядалык оюндардын борбору болгон Магри кичи районунун жанындагы администрациялык чек арага 2-февралда келүү менен өзүнүн масатына бир нече күн эрте жеткен. Жалпы алганда Ерохин 1700 км жолду басып өткөн. 8-февралда каражат жыйноо процесси аяктап 130 миң рубль чогулта алышкан.

Иссык-Куль 2014 түзөтүү

Дмитрий Ерохин 2014-жылдын октябрында рак менен ооруган балдардын оорусу менен күрөшкөн кыргыз фондун колдоо үчүн  Ыссык-Көлдү жээктеп 350 км чуркаган.

«Три сестры» түзөтүү

Дмитрий Ерохин 2015-жылы “Три сестры” жайкы ультрамарафонун уюштурган жана өзү катышкан. Бул ультрамарафондун идеясы Россиянын, Белоруссиянын жана Украинанын атлеттери үч башка борбор шаардан, үч башка убакытта чыгуу менен үч өлкөнүн чек аралырынын кесилишкен жеринде жайгашкан “Три сестры” мемориалына бир убакта келүү болгон. Мындай чуркоо 2016-жылы дагы өткөрүлгөн, бирок Ерохин катышкан эмес. Бул убакта Дмитрий Байкалды жээктеп 50 күндүн ичинде 1400-2000 киллометрди түзгөн жолду чуркап өтүү долбооруна даярданып жаткан.

Байкал 2016 түзөтүү

«Байкал» ультратрейллери дагы Дмитрий тарабынан гуманитардык медиялык акция катары ойлонуп табылган. Ерохин Байкалдын, Байкалдын региондорундагы экологиялык проблемаларды биринчи катарга коюп чечүүгө, Байкалды эс алуунун жана туризмдин активдүү зонасы кылууга коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн уюштурган. Мындан тышкары Дмитрий бул чуркоону вики-экпедиция катары караган, ал Байкал жээгин чуркап өтүү менен энциклапедиялык пайдалуу маалыматтарды жыйноо, сүрөткө тартуу жана викискладга киргизүү, Байкал тематикасын википедиянын статьяларына киргизүү  үчүн чуркоого чыккан.

Ерохин 2016-жылдын 1-июлунда Листвянка айылынан парома менен Байкалдын портуна барып ошол жерден өзүнүн чуркоосун баштаган. Дмитрийдин кеңешчиси, каржылоочусу жана автомобиль жана катамаран менен коштоп жүрүүчү тобу болгон. Мындан тышкары Ерохин менен бир мезгилде Байкал жээктеп дагы бир экстремал Александр Солдатов чыккан. Ошондой болсо да чуркоосунун көп убактысын жалгыздыкта өткөргөн. Ал өзүнүн жанына компас, спутник телефонун жана картаны алып жүргөн, бир суткада бир гана жолу тамактанган, колдоочу топ менен күндүн аягында гана жолуккан. Ерохин трубазаларда же кемпингдерде түнөөгө аракет кылган, Дмитрийдин жүрүшүн Иридиум 360 порталындагы  https://www.iridium360.ru/public/ee6b11cd .шилтемеден көрүүгө мүмкүн болгон.

Каттамдын негизги оорчулугу болуп шарттардын күтүлбөстөн өзгөрүшү саналат: температуранын төмөндөшү, ландшафтын өзгөрүшү, жайланышкан райондордон баштап линиянын жээктеринин чыгыш бөлүгүндөгү жергиликтүү калктын жашоосу. Кошумча факторлорго жана ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга даяр болуу зарыл: саз, чиркей, токойдогу өрт, жапайы айбанаттар. Дмитрий күйүп жаткан токойду бир нече күн айланып өтүүгө муктаж болгон, эки жолу аюуну фальшфейр менен кууган. Ерохин кабарчылар менен маектешип жатканда Байкал өзүнүн оор шарттары менен Сахарадан калбасын, кээ жерлерде Сахарадан ашып түшөөрүн белгилеген.

28-июлда Ерохин 24 км чуркап келип Котельников кыштоосуна түнөп калган. Эртең менен ойгонгондо температурасы 40 С болгон, бир суткадан кийин спортсмендин ден соолугу начарлап, галлюцинациясы башталган:

0 км, температура 39.6., кыштоодо жууркан жамынып жатам. Кээде ысыйм, кээде үшүйм, туруу мен үчүн кыйын, организм алсыз болуп калган, биринчи жолу Байкал түштөрү кирип чыкты.

—  Дмитрий Ерохиндин журналынан

Клещевой энцефалит оорусу деген болжол менен Ерохинди Байкалдын түндүгүндөгү темир жол ооруканасынын инфекция бөлүмүнө алып келишкен. Ал жерден иммуноглобулин менен даарылоо курсу жүргүзүлгөн. Бир нече күндөн кийин Дмитрийди Улан Удеге которушкан, ал эми 12-августта ал толук даарылануу үчүн Москвага жөнөгөн. 28-күндун ичинде Ерохин 1200 киллометрди чуркап өтүүгө жетишкен, финишке 500 км гана калган болчу.

2017-жылга пландар түзөтүү

2017-жылдын февралы Лосин аралындагы машыгуу

2016-жылдын аягында Дмитрийдин активинде 46 марафон жана бир нече ультрамарафондор бар. 2017-жылдын 1-январында Ерохин “ Жылдын эң маанисиз күнүн маанилүү кылабыз” деген девизди колдоо менен III Москванын жаңы жылдык марафонуна катышкан.

Биз миллион киллометр чуркаган 1-январль келгенде дүйнө өзгөрөт. Ал эми биз барыбыз миллиард киллометр чуркаганда эртеси күнү башка дүйнөдө ойгонобуз.

— Дмитрий Ерохин

Ерохиддин 2017-жылга болгон негизги максаттарынын бири —  Эверестке чуркоо (29 майда старт) жана 8 шаарды айлануу менен Россиянын золотой кольцосу боюнча ультрамарафон.

Wikimedia кыймылына катышуу

Дмитрий Ерохин (ортодо олтурат)  Джимми Уэйлс Москвага келгенде

Дмитрий Ерохин — 2009-жылдан тартып Википедиянын активдүү катышуучусу ( Erokhin). 5000ден ашык статьянын автору.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Дмитрий 4294 статья жазган үчүн жылдын натыйжалуу автору катары вики сыйлыкка татыктуу болгон.

2015-жылдан баштап Дмитрий ММКга Эркин энциклапедия боюнча иштөө принциптери жана ага кошкон өзунүн салымы жөнүндө комментария берүү менен википедияны таанытуучу катары бааланып келет.

2016-жылдагы Байкалды жээктеген ультрамарафон Дмитрий тарабынан вики-экспедиция катары бааланат. Ал жерден топтолгон материалдар викискладга киргизилген, Байкал тематикасындагы бир нече статьяларды жазган, көптөгөн сүрөттөр киргизилген.  

2016-жылдын сентябрь айында Википедиянын негиздөөчүсү  Джимми Уэйлс,Москвага келгенде Дмитрийдин википедияга киргизген Байкал тематикасы жөнүндө айтып, Ерохинди тегерек столго чакырган.   

2017-*жылдын июнь айына Дмитрий Ерохин жана башка википедиячылар катышкан Сахалин аркылуу  вики-экспедиция пландалган (түндүктөн түштүккө, 15 күндө 948 км).

Эскертүү түзөтүү

1.   ↑өтүү: :1 2 3 4 Роман Мун.«сыйлык беүү үчүн аны көтөргүч менен алып келишти, ал өзү тура алган жок” ». Москвадан Сочине чейин чуркап келген адам. sports.ru (27 февраль 2016). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

2.    ↑өтүү: :1 2 Юлия Гусарова. Чуркоо жөнүндө сүйлөгөндө алар эмнени сүйлөшөт. Алты марафон тарыхы”. snob.ru (20 сентябряь2014). Текшерилген 27 декабрь 2016.

3.   ↑ өтүү:1 2 3 Дмитрий Ерохин.  100 марафон Россия клубу Текшерилди 27 -декабрь 2016.

4.    ↑ өтүү:1 2 Чирков, 2014, с. 60.

5.    ↑ өтүү:1 2 Денис Жилин. Fifty guys - Sultan Marathon des Sables 2013. x-race.info (25 апрель 2013). Текшерилди  28- декабрь 2016.

6.    ↑ өтүү:1 2 3 Роман Бабак. Чуркаган адам. redbull.com (23 декабрь 2016). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

7.     Чирков, 2014, с. 62.

8.     Чирков, 2014, с. 63.

9.     Дмитрий Ерохин: Москвадан Сочиге чейин инсультка каршы чуркоо менен.РИА жаңылыктары (29 январь 2014). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

10. Белгилүү спортсмен өзүнүн марафон чуркоосун инсульт менен күрөшүүгө арнайт. РИА жаңылыктары (22 декабрь 2013). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

11.  Лика Кремер. Инсульттан кийин сакайуу менен Москва Сочи марафонунун ортосунда кандай байланыш бар? .жаан (1 февраль 2014). Текшерилди 27- декабрь 2016.

12. ↑ өтүү:1 2 Майкл Кравченко. Россия жараны Сочидеги олимпиадага күнүнө 55 км жолду басып өтүү менен баратат. Russia Today (15 январь 2014). Текшерилди 27- декабрь 2016.

13.  Святослав Гордин. Россия спортсмени инсульт менен ооргандарга жардам берүү үчун ультрамарафон уюштурду. НТВ. Текшерилди 27- декабрь 2016.

14.  Марафончу 2014-жылдын оюндарынын урматына Москвадан Сочиге чейин 1700 км чуркады. Спорт-Экспресс (6 февраль 2014). Текшерилди 27- декабрь 2016.

15.  Россия экстремалдары сыяктуу ушул жайда кантип акылдан кетиш керек. furfur.me (6 июль 2015). Текшерилди 27- декабрь 2016.

16.  Вадим Кантор. Ультрамарафончу Москвадан Сочиге чейин чуркады. Москва жаңылыктары (6 февраль 2014). Текшерилди 27- декабрь 2016.

17.  Россиянын Форрест Гамппы Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн жээгин бойлой чуркаганга даярданып жатат . Мир 24 (23 октябрь 2014). Текшерилди 27 декабрь 2016.

18. ↑ өтүү:1 2 Владимир Болотин. “Три сестры” марафону РФнын, Украинанын жана Белоруссиянын чуркоочуларын чогултат. Россия газета (15 июль 2016). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

19. ↑ өтүү:1 2 3 4 5 67Ультарамарафончу Дмитрий Ерохин – Байкалды бойлото  чуркоо менен Байкал24 (3 июль 2016). Текшерилди 30- декабрь 2016.

20. ↑ өтүү:1 2 Екатерина Дементьева. Марафончу Байкалды бойлой элүү күн чуркоого жөнөдү. Россия газета (4 июль 2016). Проверено 27- декабря 2016.

21. ↑ :өтүү: 1 2 Ультрамарафончу Дмитрий Ерохин Байкалдын кыштагынан чыкты. жаңылыктар-Иркутск (1 июль 2016). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

22.  Марафонч

23. Жаңы жылды эч кандай ашык нерсеси жок өткөрүүгө болобу. МИР ТВ (27 декабрь 2016). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

24. Россияда «Википедияга» тыюу салынышы мүмкүнбү?. Pravda.ru (22 январь 2015). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

Адабияттар түзөтүү

·        Чирков А.Л. Бег в мудрость. — М.: ВИНИТИ-Наука, 2014. — С. 60-64. — 192 с. — ISBN 978-5-600-00636-2.

·        Чирков А.Л. За бег!. — М., 2015. — С. 350-355. — 517 с. — ISBN 978-5-9906626-1-2.

·        440 км за 7 дней // Run. Русский журнал о беге. — 2015. — Сентябрь (№ 5). — С. 56-61.

Шилтемелер түзөтүү

Ерохин, Дмитрий Юрьевич  Викискладда
Ерохин, Дмитрий Юрьевич  Викижаңылыктарда

Елена Ячимович. Дмитрий Ерохин: «Тоо тараптагы марафон рекордго баратат». openmonte.com (28 октябрь 2013). Текшерилди 27 -декабрь 2016.

Москва марафону. ТВ Центр (12 сентябрь 2013). Текшерилди 27 -декабрь 2016. 

у Дмитрий Ерохинди энцефалит оорусу деп болжолдоо менен ооруканага алып келишти.жаңылыктар-Иркутск (3 августь 2016). Текшерилди 27- декабрь 2016.