Дмитрий Иванович Донской

Дмитрий Иванович Донской (12. 10. 1350, Москва- 19. 5. 1389. ошол жерде) - 1359-жылдан Владимирдин жана Москванын улуу князы, Иван II Иванович Красныйдын уулу.

Ал улуу княздык үчүн күрөштө Суздаль-Нижегород, Рязань, Тверь княздарын баш ийдирген. Москвада алгачкы таш кремлин курдурган (1367). Анын аскерлери литвалык князь Ольгерддин чабуулдарын токтоткон (1368, 1370). Тверь князын Алтын Ордого каршы күрөштө союздаш болууга мажбурлаган. Москва княздарынын ичинен татарларга каршы куралдуу күрөштү биринчи болун башкарган. Татарлар менен болгон Куликовдогу салгылашта (1380) бөтөнчө кол башчылык таланты үчүн Донской атка конгон. Анын тушунда Москва княздыгы күчөп, кийип орус жерин бир мамлекетке бириктирүүдө чон роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.