Дозиметр приборлору – иондоштуруучу нурлануунун дозасын жана анын кубаттуулугун өлчөөчү куралдар.

Бир түрдүү нурланууну өлчөөчү Дозиметр приборлору (мис., нейтрондуу Дозиметр приборлору, g-дозиметрлери ж. б.), же ар түрдүү нурлануулардын талаасындагы нурланууну өлчөөчү Дозиметр приборлору бар. Рентген жана g-нурлануулардын сандык дозасын өлчөөчү Дозиметр приборлору рентге-нометрлер, ал эми эквиваленттүү дозасын өлчөөчү приборлор бэрметрлер деп аталат. Дозиметр приборлорунун негизин детектор түзөт.

Детектордун тибине жараша Дозиметр приборлору иондоштуруучу, радиолюминесценттик, жарым өткөргүчтүү, химиялык жана калориметриялык приборлорго бөлүнөт. Жылуулук, люминесценттик жана фотолюминесценттик Дозиметр приборлору нурлануу аймагында жекече дозиметрлердей, ал эми жекече Дозиметр приборлору катары 30кэВ - 5мэВ энергиялуу электр-магнит нурлануусун өлчөөчү фотоплёнкалуу дозиметрлер пайдаланылат. Калориметриялык Дозиметр приборлорунун сезгичтиги төмөн болгондуктан, нурлануу талаасында чоң жутулуу дозаларын өлчөөдө гана колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү