Долуханова Зара (Заруи Агасьевна; 15.3. 1918-ж. туулган, Москва ) – советтик ырчы (меццо-сопрано), Армян ССР (1955), СССР (1990) эл артисти 1957-ж. Гнесиндер атындагы музыкалык-педагогикалык институтту бүтүргөн. Чыгармачылыгын 1939-ж. Еревандагы Спендиаров атындагы опера жана балет театрында баштаган. Кийин концерттик ырчы катары таанылган. 1944-жылдан Бүткүл союздук радиоуктуруу жана телекөрсөтүүнүн, 1959–82-ж. Москва филармониясынын солисти. 1983-жылдан Гнесиндер атындагы Россия музыкалык академиясынын профессору. Долуханова – вокал өнөрүнүн ири өкүлү. Ал айрыкча И. С. Бах, Г. Ф. Гендель, Ж. Верди, С. В. Рахманиновдун чыгармаларын чебер аткарган. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1951), Лениндик сыйлыгынын (1966) лауреаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1