Домендер – электрмагнит же серпилгич касиеттери же бөлүкчөлөрдүн жайланыш тартиби менен айырмалануучу химиялык жактан бир тектүү чөйрөлөр. Алар бир нече түргө бөлүнөт. 1) Ферромагниттүү домендер – ферромагнит кристаллындагы (туурасынан кесилиш өлчөмү 10–5–10–2 см) атомдук магнит моменттери жарыш багытталган, башкача айтканда домендерде өзүнөн өзү магниттешүү жүргөн бөлүгү. Ал Кюри температурасынан төмөн болгондо пайда болот. 2) Сегнет-электрдүү домендер – сегне-электриктерде өзүнөн өзү полярлануучу бөлүгү (10–5–10–3 см). Сырткы электр талаасы жок учурда сегнет-электриктердин полярланышы анын негизги өзгөчөлүгү. 3) Ганндык домендер – күчтүү электр талаасынын бөлүгү. Ал белгилүү шартта гана терс дифференциялык каршылыктуу жарым өткөргүчтө пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1