Домна өндүрүшүтемир кенташын же кесек темирди домна мешинде эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы. Чоюн биздин заманга чейин. 4–6-кылымда эле белгилүү болгон жана жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда болгондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жолу чоюн Уралда 1701-ж. алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регенератор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табылгандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Домна өндүрүшүнүн алгачкы материалы шихта, ал темир жана марганец кен ташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май жана флюстан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма жана атайын чоюн, домна газы (күйүү жылуулугу 3,6–4,6 Мдж/м3 (800–1100 ккал/м3)) жана курулуш материалдары жасалуучу шлак алынат. Бул өндүрүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орнотулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын курамын жана санын, үйлөтүүнүн температурасын жана нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор менен жүргүзүлөт. Азыр домна өндүрүшүн өркүндөтүү багытында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна мешинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү жана меш ишин автоматтык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1