Достук монументи – кыргыз, орус элинин достугунун символу катары тургузулган эстелик. Фрунзедеги борбордук аянтта ачылган (1974-ж. 18-октябрь). Авторлору: скульпторлор Т. Садыков, З. Хабибуллин, монументалист художник С. Бакашев, арх. А. Нежурин. Достук монументи кыргыз элинин өз ыктыяры менен Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийиктиги 30 м эки ак канат сымал мрамор-пилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус жана кыргыз калкынын достугун мүнөздөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1