Доцент (лат. docentis — окутуучу) — адатта, жогорку окуу жайында окутуучулук кылып, илимий жана усулдук иштерди алпарган, илим кандидаты илимий даражасына эгедер адамдарга ыйгарылуучу окумуштуулук наам.

Доцент жогорку окуу жайынын (илиммий-изилдөө институтунун) окумуштуулук наамга көрсөтүү боюнча окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде, мамлекеттик сынак органы тарабынан ыйгарылат.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7