Доңузтоо, ТооФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Доңузсуу жана Зындансуу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында. түндүк- чыгыштан түштүк-батышка 28 кмге созулат. Туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 2100–2200 м, эң бийик жери 2354 м. Кыры тайпак, түштүк- батышты карай жапыздайт. Капталдары жантайыңкы. Бийик түндүкчыгыш бөлүгү юра мезгилинин алевролит, конгломерат, гравелит, аргиллит, жапыз түштүкбатыш бөлүгү бор жана палеоген мезгилдеринин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, чопо, мергель тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа менен шалбаалуу жаңгак токой массивдери басымдуу. Жайыт; токойлуу, чабынды жерлери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү