Доңуз-сырты (лат. Kobresia) – өсүмдүктөрдүн өлөңдөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык нык чымдуу чөп. 40тай түрү Түндүк жарым шардын мелүүн жана анча-мынчасы субтропика, тропика зоналарынын бийик тоо кыркаларында өсөт. Тамыр жалбырактары жалпак же ичке кыл сымал болот. Топ гүлү машак же шыпыргы сымал, 2–7 майда гүлдөрдөн турат, машактары эки жыныстуу, үстүнкү гүлдөрү көбүнчө эркек гүлдөр. Негизинен уругу, бир гана түрү тамыр-сабагы менен көбөйөт. Айрым түрү айрыкча Теңир-Тоонун, Памир-Алайдын бийик тоолуу жайыттарында кездешет. Кыргызстанда 4 түрү өсөт, баалуу тоют.

Kobresia simpliciuscula.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.