Дрезден сүрөт галереясы – Дрездендеги мамлекеттик көркөм кенчтин составына кирген дүйнөдөгү эң ири живопись жыйнагы. Галерея 1560-ж. негизделген. 1722-ж. кеңейтилип, 1847–56-ж. атайын имараттар (архитектор Г. Земпер ж. б.) кошумча салынган. 1945-ж. Д. с. г. талкаланып, 197 сүрөтү жок болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы жумаларында немец фашисттер Д. с. г-ндагы искусство чыгармаларын ылайыксыз жерге каткандыктан, көп сүрөттөр бузулуп кеткен. Сов. Армиянын жоокерлери тапкан соң ал сүрөттөр СССРге алынып келинип, калыбына келтирилген, имараттарда кайрадан көргөзмөгө коюлган. Галереяда өткөн доорлордун дүйнөгө белгилүү чеберлеринин (Я. ван Эйк, Рафаэль, Жоржоне ж. б.) чыгармалары жана XIX–XX кылымдагы европалык Көркөм сүрөт мектептеринин (айрыкча немец мектеби), ФРГ жана башка өлкөлөрдүн искусство чыгармалары кеңири орун ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү