Дренаж машинасы — дренаж курууда колдонулуучу машина. Ал такта темирден түтүк жасап, аны жерге орнотот. Машинанын кескичинин артындагы катушкалуу тасма түтүк формалоочу аппараттан өтүп, траншеянын же тешиктин түбүнө орнойт. Анын иштөөчү механизми жирегич кескичтен турат, ага жер ас тындагы көңдөйдү (дренаны) бүтөөчү дренер бекитилет. Траншеялык ыкмаларда чынжырлуу сузгуч түрүндөгү дренаж машинасы колдонулат. Ичке траншеялуу ыкмада бир нече сузгучу бар экскаватор түтүктү траншеяга орнотот. Траншеясыз ыкмада пластмасса түтүк, кескич менен тилинген ичке жылчыкка коюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1