Дросселдөө - гидродинамикалык каршылык (түтүктүн кууш бөлүгү, вентиль, кран ж. б.) аркылуу суюктук, газ же буу агып өткөндө алардын басымыпын жана температурасынын өзгөрүшү (к. Жоул-Томпсон эффекты).

Дросселдөө эффекти төмөнкү температураны алуу жана газдарды суюктукка айландыруу үчүн пайдаланылат. Дросселдөө агып өткөн суюктуктун, газдын санын (чыгымын) өлчөп жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.