Дружинин Иван Георгиевич

Дружинин (Дрежинин) Иван Георгиевич (10.10.1904. РФ, Чита облусу, Забайкалье шаары – 1987, Фрунзе) — химия илимдеринин доктору (1947), профессор (1950), Кыргыз ССР ИАнын академиясын (1954). Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш университетин бүтүргөн (1931). 1932-жылдан СССР ИАнын Жалпы жана органикалык эмес химия институтунда эмгектенген. 1954-56-жылы Кыргыз ССР ИАнын Химия институтунун директору жана Табигый жана техникалык илимдер бөлүмүнүн академик-секретары, 1960-жылдан Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда лабораториянын башчысы болуп иштеген. Ал шакирттери менен бирге көптөгөн жаңы бирикмелерди теориялык жактан мүнөздөгөн. Батыш Сибирь, Өзбекстан жана Кыргызстандын туз кендерин изилдеген, агын суудагы, көлдөгү туздардын чөгүшү жөнүндөгү гидрологиялык жана геохимиялык теорияны негиздеген. 450дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы, бир нече автордук күбөлүгү бар. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Физико-химическая характеристика природных солей месторождения Тянь-Шаня (в соавторстве). М., 1970; Алюмосульфатные источники Киргизии (в соавторстве). Ф., 1971.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5