Дрeженков Георгий Иванович

Дрeженков Георгий Иванович (1918, Киров облусу, Перескоки айылы – 1981, Фрунзе) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1966), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1962-ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1946–50-ж. Чыгыш Казакстан облусунда зоотехник, 1950-ж. Кыргыз ССРинин совхоздор министрлигинде, Кыргызстан КП БКнын аппаратында, Кочкор райондук комитетинде секретарь болуп иштеген. 1963–81-ж. мал чарбасы боюнча Кыргызстан ИИИде улук илимий кызматкер, бөлүм башчысы. Тянь-Шань коюн чыгаргандардын бири. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1–2-дараж. Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1