Дубал газета, кереге газета - кол менен жазылып же машинкага басылып, атайын стендге же үй дубалына (керегесине) илинип коюлуучу газета.

Дубал газетаны мекемелер, ишканалар, цехтер, жогорку окуу жайлар, андагы факультеттер ж. б. чыгарган. СССРде Совет бийлигинин алгачкы жылдарыңда пайда болуп, жумушчу жана айылдык кабарчылар кыймылынын күчөшү менен кеңири жайылган. Дубал газета мамлекеттик станды аткаруу, эмгек тартибин чыңдоо, социалисттик мелдешти күчөтүү өңдүү маанилүү маселелерди чечүүдө зор роль ойноп келген.

Дубал газетанын редактор жетектеген редколлегиясы болгон, аны көпчүлүк чогулуш шайлаган. Газета адегенде он күндө, жарым аңда же айына бир чыгарылчу. Зарыл учурларда редколлегия газетаны кезектеги санынан тышкары да чыгара берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4