Дубний (лат. Dubnium, Db) — химиялык элементтердин мезгилдик тутумундагы VВ тобундагы элемент, атомдук номери 105; атомдук массасы 262; туруктуу изотоптору жок.

Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Д. d-элементтер өкүлү, окистенүү даражасы +5. Тантал жана ниобий аналогу. 255, 257. 259 – 262 массалык санга ээ болгон 6 изотобу белгилүү; эң туруктуусу 262Db (Т1/2 =40 сек.). Хим. касиеттери ж-дөгү алгачкы маалыматтар 1970-ж. ядролук изилдөөлөр бириккен институ, (ЯИБИ, Дубна шаары, СССР) И.Звара жана анын шакирттери тарабынан алынган. № 105-элементти синтездөө иштери СССР жана АКШ Беркли шаарындагы Калифорния университетинде бир убакта жүргүзүлгөн. Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институтунда синтездөөнүн ыкмасы катары 243Amди 22Ne ядросу менен (120МЭв энергиясы м-н) бомбалоону тандап алышкан:

Булактар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6