Дуйшембиев Нурдин  (1946) – Айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Дуйшембиев Нурдин 1946-жылы Нарын областынын Кочкор районунун Кум-Добо айылында   туулган.  Улуту - кыргыз.   

  • 1963-жылы  Кочкор районундагы Кум-Дөбө орто мектебин аяктаган.
  • 1965 жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1969-74 жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба институтунун агрономия факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
  • 1974-76 жж. Инститтун Окуу тажрыйба чарбасынын агроному, тажрыйба талаасынын башчысы.
  • 1976-79 жж. Агрохимия кафедрасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1980-86 жж. Агрохимия кафедрасынын ассистенти.
  • 1984 ж. Айыл чарба илимдеринин кандидаты.
  • Темасы:”Кыргыз Республикасынын Чүй өрөөнүндөгү кызылча которуштуруп айдоосундагы бедеден кийинки күздүк буудайдын жер семирткичтери жана түшүмдүүлүгү”.
  • 1986-88 жж. Агрохимия кафедрасынын улук окутуучусу.
  • 1986ж. Доценттик наамын алган.
  • 1998-2000жж. Агрохимия кафедрасынын докторанты.
  • 2000-2003жж. Агрохимия кафедрасынын доценти.
  • 2003 ж. Агрономия факультетинин деканы.
  • 2005-2009 жж. Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын башчысы.
  • 2007 ж. Айыл чарба илиминин доктору. Темасы: “Кыргызстандын боз-шалбаа топурактарындагы кызылча которуштуруп айдоосунда жер семирткичтерди колдонуунун илимий негиздери”.
  • 2008 ж. Кафедранын профессорунун милдетин аткаруучу.
  • 2008-2016 жылдары УАК тын эксперттик тобунун мүчөсү.
  • 2017ж. Докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеңештин мүчөсү.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Өсүмдүктөрдүн азыктануусунун агрохимиясын, топурактын, жер семирткичтеринин, азык элементтеринин жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн агрохимиясын камтыйт. Кырзыстандын боз-щалбаа топурагынын шартында, алгачкылардан болуп гумустун камтылышынын өзгөрүүсү, топурактагы негизги дүң жана сиңимдүү азык элементтеринин камтылышы, ошондой эле өсүмдүктөгү жалпы азот, фосфор жана калийдин камтылышы, алардын которуштуруп айдоонун бир нече ротациясыдагы жер семирткичтердин түрүнө, өлчөмдөрүнө жана айкалыштарына карата чыгуусу изилденген.

Биринчилерден болуп, которуштуруп айдоодогу жер семирткичтерди узак убакытка колдонууда топурактагы сиңимдүү фосфордун камтылуусу (мг/кг) жана анын 1 мг/кг топурактагы чыгымдалышы боюнча оригиналдуу маалыматтар алынган.

Негизги илимий–методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Агрохимия сабагынан лекциялар жыйнагы. Б.:1992.  – 128 б.
  2. Кыргызстандагы кылча  которуштуруп айдоолорунун өсүмдүктөрүнүн жер семирткичтер системасын оптимизациялоо. Монография.-Б.:  2002. – 127 б.
  3. Күздүк буудайдын жогорку түшүмдүүлүгүнүн агрохимиялык негиздери.  Монография. -Б.: 2003.- 368 б.
  4. Кыргызстандын кызылча которуштуруп айдоолорунун өсүмдүктөрүнүн жер семиртичтер системаларынын илимий негиздери. Монография. -Б.: 2003.- 479 б.
  5.  Агрохимия боюнча курстук долбоор. (методикалык окуу куралы жана ишдептери)  -Б.:Тип.КНАУ 2012. - 60 б.
  6. Чүй өрөөнүнүн боз-шалбаа топурактарында жер семирткичтерди узак убакытка колдонуунун экологиялык маселелери. -Б.: Кут бер, 2016. – 167 -171б.
  7. Жер семирткичтерди колдонуу жана оор металлдар менен микроэлементтердин күздүк буудай менен жаздык арпанын данындагы камтылышы. “Путь науки”, Международный научный журнал  № 12, 2016- 43 – 46 б.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 2003-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министирлигин Ардак Граммотасы.   
  • 2007-ж. Кыргыз Республикасынын “Элге билим берүүснүн мыктысы” төш белгиси.
  • 2007-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин грамотасы менен сыйланган.