Думбадзе Нодар Владимирович

Думбадзе Нодар Владимирович (14. 7. 1928, Грузия , Тбилиси – 14. 9. 1984, ошол эле жер) – грузин жазуучусу. Тбилиси университетин бүтүргөндөн (1950) 1973-ж. чейин ошол университеттин экономика кафедрасында иштеген. Кийин жаштар журналында адабий кызматкер, «Нианги» сатиралык журналынын башкы редактору, 1973–84-ж. Грузия жазуучулар союзунун катчысы, төрагасы болгон. «Айыл баласы» алгачкы аңгемелер жыйнагы 1958-ж. жарык көргөн. «Мен, чоң энем, Илико жана Илларион» повести (1960), «Мен күндү көрүп турам» романы (1960) согуш мезгилиндеги грузин кыштак турмушун чагылдырган. Курч публицистикалык маанайдагы «Ак желектер» (1973, Грузиянын мамлекеттик сыйлыгын алган), «Түбөлүктүүлүк мыйзамы» (1978; Лениндик сыйлыгы, 1980) аттуу романдары өз мезгилинин маанилүү социалдык-адеп-ахлак маселелерин козгойт. 1979-ж. СССР Жогорку Советине депутат болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1