Думбулдар (лат. Emberiza) - канаттуулардын таранчылар түркүмүндөгү уруусу.

Emberiza citronella.

Денесинин уз. 13-20 см. Тумшугу конус формасында, дүмпүгүй. Куйругу узун, ачалуу. Өңү саргыч, күрөң жана буурул, эркеги кооз.

Думбулдардын Европа,Азия, Түндүк Африкада 29, Азияда 27 түрү тараган. Алардын ичинен кадимки сары айгыр, кызыл жаак, камыш, тоо, ак топу Думбулдары белгилүү. Думбулдар - уясын талаага, тоого, бадалдардын бутак- тарына салат, 4-6 жумуртка тууйт. Көпчүлүгү жайында 2 жолу уялайт. Алар отоо чөптүн данын жана курт- кумурска жеп, токой жана а. ч-на пайда келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.