Думпкар - чанагы (кузову) тик бурчтук формасындагы ппевматикалык түзүлүштүн жардамы менен жүктү өзү түшүрүүчү жарым вагон.

Думпкар кендерди, тоо-кен тектерин, топурак, таш ташууда колдонулат. Думпкардын жүк салынуучу чанагы өзүнүн узата кеткен огунун айланасында эки жакка 40° айланганда борту ачылып же өйдө көтөрүлүп, Күктү бүтүндөй түшүрүүгө өтө ыңгайлуу. Анын чанагы локомотивден алынган кысылган абанын күчү менен аракетке келүүчү атайын пневматикалык механизмдердин жардамы менен оодарылат. Думпкар 40-80 т жүк көтөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.