Дунган адабияты – дунган элинин адабияты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясына чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларында негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы жана мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акылман адамдар жана башка жөнүндөгү жомокторунда кедейлердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомокторунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозеки чыгармалар дунган адабиятынын жаралышы жана өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдардын башында дунган жазмасынын иштелип чыгышы дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгачкы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пайда болушу жана өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы менен тыгыз байланыштуу. 1932-ж. «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэнин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жарык көргөн. 1950-жылдары дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Арбудунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген повесттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аңгемелери, повесттери белгилүү. Кийин дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар менен толукталды. Азыркы учурда дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1