Дуплекс байланышы - эки абонент бир мезгилде кабарлашып турууга ылайыкталган эки тараптуу байланыш.

Дуплекс байланышы өткөргүч линиялар радиоканал аркылуу жүргүзүлүп, телефон жана телеграф кабарлары берилет. Дуплекс телеграф байланышында 2 жана 4 өткөргүчтүү телефон линиясы пайдаланылат да, кабарлар жыштык телеграфтоо методу менен берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.