Дурды Клыч (1886-14. 12. 1950) - советтик түркмөн эл акыны.

Дыйкандын үй-бүлөсүнөн.

Бала кезинен азиз болуп калган.

Ырларында туркмөн Элинин өткөн кайгылуу турмушун («Чатма», «Эшекли», «Тумарлы»), Октбярь революциясына чейин Түркмөнстанда өкүм сүргөн теңсиздикти, туркмөн кыздарынын мал катары сатылганын, батрактардын оор турмушун чагылдырган.

Дурды Клычтын революциядан кийинки ырлары партиянын акылман саясатына («Кедейлер»,«Закон»,«Ленин»,«Партия»), советтик Түркмөнстандын жаңы турмушуна, Ленинге арналган.

Улуу Ата Мек. согуш жылдарында элди жеңишке шыктандырган патриоттук мазмундагы ырларды («Москва», «Менин элим») жараткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.