Дурова, Надежда Андреевна

Дурова Надежда Андреевна (1783- 21. 3(2. 4). 1866) - Орусиядагы биринчи офицер аял, жазуучу.

Гусар ротмистрдин кызы. 1806-ж. эркекче кийинип, В. Дуровдун уулумун деп Гроднодогу поляк атчандар полкуна кирген. 1807-ж. Франция менен болгон согуштагы эр жүрөктүүлүгу үчүн Александр I ага Александр Андреевич Александров деген ысым берип, офицерликке көтөргөн. 1812-ж. Ата Мекендик согушка жана 1813-14-жылдагы кампанияларга катышкан. М. И. Кутузовдо ординарец болгон. 1816-ж. штаб-ротмистр деген наам менен отставкага чыккан.

Дурованын «Записки Н. А. Дуровой» аттуу эскерүүсүнүн үзүндүлөрү А. С. Пушкиндин баш сөзү менен 1836-ж. «Современник» журналына жарыяланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.