Дутов козголоңу - 1917-ж. ноябрь-1918-ж. апрелде. Түштүк Уралда Оренбург казак аскерлеринин атаманы жана аскердик өкмөттүн башчысы полковник А. И. Дутов чыгарган контрреволюциячыл козголоң.

Дутов 1(14)- ноябрда Совет бийлигине согуш жарыялаган. 15 (28)-ноябрдын түнү ак казактар Оренбург советинин мүчөлөрүн камакка алып, Революциячыл аскер комитетин талкалап, Оренбург, Троицк, Верхнеуральск шаарларын басып алышкан. Дутов козголоңун басуу үчүн Совет бийлиги зарыл чараларды көргөн. 16(29)-январда Каргалынын жанында козголочуларга катуу сокку урулуп, 18(31)-январда Оренбург бошотулган. Бирок чехославакиялык корпустун козголоңу Түштүк Уралдагы контрреволюциянын күчүн активдештирип, 1918-ж. 3-июлда Дутов Оренбургду кайра басып алган.

1918-ж. ноябрда анын аскерлери адмирал А. В. Колчактын армиясына кошулган. Колчактын ак гвардиячылары талкалангандан кийин Дутовдун калган аскерлери Жети-Сууга, андан Кытайга качып кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.