Казы Дыйкамбаев

Дыйкамбаев, Казы Дыйкамбаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Дыйкамбаев Казы (1913-ж. т., Ысык-Көл облусу, Түп р-ну, Талдысуу айылы) - мамл. жана партиялык ишмер.
1958-61-ж. Кыргыз Министрлер Советинин төрагасы. Ташкендеги өзбек эл чарба ин-тун бүткөндөн (1937) кийин, Кыргыз ССР мамл. пландоо (комиссиясында ар түрдүү кызматта иштеген. 1940-58-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасына орун басар, Респ. Мамл. текшерүү эл комиссары, тышкы иштер министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы жана анын бюросунун мүчөсү, Фрунзе (обкомунун 1-катчысы. 1961-жылдан Кыргыз ССР мамл. пландоо комитетинин төрагасына орун басар. СССР Жогорку Советинин (1947-55; 1958-63) депутаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, I-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

КАЗЫ ДЫЙКАНБАЕВ 95 ЖАШКА ТОЛУУДА