Дымдама — дымдап даярдала турган тамак. Эт же балык, ар кандай жашылчалар жана кээ бир жемиштер менен даярдалат. Дымдоо ыкмасы менен даярдалган тамактын пайдалуу жагы, заттар (витаминдер, минералдык жана канттуу заттар, ароматтык жана даам жыттуу кошулмалар) сакталып калат. Жана сиңирүү оңой. Дымдаманын бир нече түрү бар: эт менен, балык менен, ашкабак менен, бийалма менен, жашылча менен ж.б. Эт менен дымдама — этти жана санды бөлүктөргө бөлүп, сөөктөрүн да 2-3 см узундукта туурап, анан майда тууралган пияз, туз, жыпар жыттуу заттарды кошуп аралаштырылат. Адегенде ысытылган казанга майды, анан сөөктү, анан тууралган этти кошобуз. Ар бир катмарына лавр жалбырагын, майдаланган калемпирди, укропту салып, буу пайда кылуу үчүн бир аз суу куюп, капкагын толук жаап, сүлгү менен ороп коюшат. 40 мүнөт бою бышырылат. Этти табактарга салып, дасторконго тартылат. Ашкабак менен дымдама — ашкабактын кабыгын тазалап, дандарын терип, ширеңке кутучасындай кылып кесип, анан тузду себелеп, сары майга бир аз кууруп, үстүнө дагы суюк каймак куюп, жай отто 30 мүнөт бою бышырылат.

Дымдама
Тамактын улуттук ашканасы:

Орто Азия

Пайда болгон өлкөсү

Кыргызстан, Өзбекстан

Курамы
Негизги курамы:

Эт, картөшкө, сабиз, пияз, керем, жашылчалар, даам берүүчү кошулмалар

Кошумча курамы:

Балык, ашкабак, бийалма

Dimlama

Ошондой эле караңыз

түзөтүү
 
Дымдама

Адабияттар

түзөтүү
  • OʻzME. Биринчи Том. Ташкент, 2000-жыл
  • Махмудов К., Коноктор китеби, Т., 1989.

Булактар

түзөтүү

Рецепт «Дымдама»