Дың жер – табигый өсүмдүктөр өсүп, мурда айдалбаган аймак. Дың жердин негизги өзгөчөлүгү өсүмдүк калдыктарынан пайда болгон чиринди көп; топурак катмарларында өсүмдүктүн азыктануусуна зарыл гумус, азот жана башка элементтер арбын; топурак нык; топурактын үстүнкү катмарында микроорганизм тез өөрчүбөйт. Дың жерге эгилген өсүмдүктү отоо чөп анча баспайт. Дың жердин негизги типтери: 1) талаа дың жери, ал кара жана коңур топурактуу аймактардан орун алган. Мындай жерлер Казакстанда, Алтай крайында, Кавказда бар. 2) Түштүк талаа жана жарым чөл Дың жери; Борбордук жана Түштүк Казакстан, Орто Азия республикалары, Азербайжан жана Армениянын айрым райондорунда кездешет. 3) Жайылма дың жери; дарыянын суу жайпап кеткен жеринде орун алган. 4) Саздак, чым көңдүү дың жер; РФтин Европа тилкеси, Сибирь жана Ы. Чыгыш аймактарында, Белорусия, Грузия, Украинада бар. Майда бадал өсүп, кээде жайыт үчүн пайдаланылган жерлер да дың жерге кирет. Чарбанын муктаждыгына жараша өздөштүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1