Дьяконова Вера Павловна
Дьяконова Вера Павловна (06.09.1927 – 18.05.2011), тарых илимдеринин кандидаты, көрүнүктүү этнограф-тарыхчы, фольклорчу, Сибирь элдеринин этногенези, салттуу маданияты, философиялык-диний түшүнүктөрү, өзгөчө тувалар жана алардын шамандык түшүнүктөрү, лама дининин таралуусу, тувалардагы салттуу маданияты, балдардын төрөлүшү ж.б.у.с. проблемалардын үстүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. В.П.Дьяконова 1927-ж. 6-сентябрда Ленинградда жумушчунун уй бүлөсүндө туулган. Анын балалык чагы абдан татаал болуп, атасынан эрте жетим калган калган жаш өспүрүм кыз өзүнөн кичүү инилерин багуу үчүн энесине жардам берүүгө, аларды кошо чоңойтууга аргасыз болгон. Согуш башталганда блокадалык Ленинградда энеси, инилери менен чогуу кала берген. Башка жаштар сыяктуу эле блокададагы Ленинграддын коргонуусуна өз салымын кошкон. 1947-ж. мектепти аяктаган В.П.Дьяконова Ленинград университетинин тарых факультетинин археология бөлүмүнө тапшырат. Ал учурда факультетте белгилүү окумуштуулар: М.И. Артамонов, П.И. Борисковский, В.И. Равдоникас, М.П. Грязнов, А. Н. Бернштам, В.Ф. Гайдукевич, М.К. Каргер ж.б. окуша турган. Окуп жүргөн мезгилинде эле бир катар археологиялык экспедицияларда болгон. Ошентип, жакшы илимий даярдык менен 1952-ж. университетти бүтүрүп чыгат. 1953-ж. СССР ИАсынын Этнография институтунун Ленинград бөлүмүнө жумушка орношуп дээрлик 50 жыл үзүрлүү эмгек жасаган. Бул бөлүм өз учурунда Сибирь таануу боюнча илимий борбор болгон. Анда белгилүү окумуштуулар Л.Я.Штернберг жана В.Г.Богораздын окучуулары болгон Л.П. Потапов, С.В. Иванов, А.А. Попов, Г.М. Василевич, В.В. Антропова, Е.Д. Прокофьева, Н.Ф. Прыткова ж.б. иштеген. 1958-ж. анын «Сборник МАЭге» (XVIII чыгарылышы) «Старинные якутские шейные украшения» аттуу биринчи макаласы жарыяланган. 1957-ж. тартып В.П.Дьяконова Тува комплекстүү археологиялык-этнографиялык экспедицияларга такай катышып атактуу тарыхчы-этнограф Л.П.Потаповдон таалим-тарбия алат. Вера Павловна Тува боюнча илимий эмгектердин негизги авторлорунун бири. Мисалы, «Труды Тувинской комплексной археолого-этнографической экспедиции» (Т.I, 1960; Т.II, 1966; Т. III, 1970), «Истории Тувы» (Т. I , 1964). 1970-ж. Ленинградда «Погребальный обряд тувинцев как историко-этнографический источник» (илимий жетекчиси Л.П.Потапов) аттуу темада илимдин кандидаттык диссертациясы коргойт. Бул хрестоматиялык денгээлдеги эмгек В.П.Дьяконованы археолог жана этнографтардын ичиндеги илимий кадыр-баркын көтөрдү. 1960-ж. аяк чендеринен сектордун илимий изилдөө багыты Сибирь элдеринин салттуу көз караштарын иликтөөгө багыт алат. В.П.Дьяконова бул багытта төмөнкү илимий эмгектерди жарыкка чыгарат. «Цам у тувинцев» (Сб. МАЭ, Т.27, 1971), «Материалы по шаманству южных тувинцев» (Итоги полевых исследований Института этнографии АН СССР за 1971 год. М., 1972), «Об одной категории в социальной иерархии шаманов» (Ученые записки Тувинского научно-исследовательского института истории, языка и литературы. Кызыл, Вып. XVI, 1972), «Природа и человек в религиозных представлениях народов Сибири и Севера» (Л, 1976), «Христианство и ламаизм у коренного населения Сибири и Севера» (Л., 1979), «Материальная культура народов Сибири и Севера» (Л., 1976), «Культурные традиции народов Сибири» (Л., 1986), «Традиционное воспитание детей у народов Сибири» (Л., 1988), «Традиционное мировоззрение народов Сибири» (М., 1996) ж.б. В.П.Дьяконованын «Алтайцы (материалы по этнографии теленгитов Горного Алтая» (2001 ж. Горно Алтайск) аттуу монографиясы жарык көрдү. Илимий экспедицияларда эле 30 ирет болгондугу белгилүү.
Негизги эмгектери:
түзөтүү- Das Schamanentum bei den Süd-Tuwinern // “Roter Altai, gib dein Echo!” Festschrift für Erika Taube zum 65. Geburtstag. Herausgegeben von Anett C. Oelschlägel, Ingo Nentwig und Jakob Taube. Leipzig: Leipziger Universitätverlag GMBH, 2005. S. 67–78.
- Female Shamans of the Turkic-speaking Peoples of Southern Siberia // Shamanhood Symbolism and Epic. Budapest: Akademiai Kiado, 2001. S. 63–71.
- L`oboo monument of the cult of nature among the peoples of Saian-Altai // L`Ethnographie. № 74–75. P., 1977. S. 93–101.
- Materialen zum Schamanentum der Südlichen Tuviner // Jahrbuch des Museums für Völkerkunde zu Leipzig. Bd. XXXIII. Berlin: Akademie-Verlag, 1981. S. 36–43.
- The Vestment and Paraphernalia of a Tuva Shamans // Shamanism in Siberia. Budapest, 1978. S. 325–341.
- Алтайцы: (Материалы по этнографии теленгитов Горного Алтая) / Ред. Ч.М. Таксами. Горно-Алтайск: Юч-Сюмер, 2001. 223 с.: ил.
- Большие курганы-кладбища на могильнике Кокэль (по результатам раскопок за 1963, 1965 гг.) // Тр. Тувинской комплексной археолого-этнографической экспедиции. Т. III. Матер. по археологии и антропологии могильника Кокэль. Л.:Наука, 1970. С. 80–209.
- Буддизм и традиционная культура тувинцев // Традиционное мировоззрение и культура народов Сибири и сопредельных территорий: Тез. и матер. докл. и сообщ. Всесоюз. науч. конф. Улан-Удэ, 1990. С. 21–23.
- Воздействие традиций на семейно-брачные обычаи у теленгитов Горного Алтая // Всесоюзная сессия, посвященная итогам полевых археологических и этнографических исследований 1976–1977 гг.: Тез. докл. Ереван, 1978. С. 87–88.
- Д.А. Клеменц – защитник бурханистов Алтая // Пигмалион музейного дела в России. СПб., 1998.
- Данные этнографии к этногенезу теленгитов // Этногенез и этническая история тюркоязычных народов Сибири и сопредельных территорий. Омск, 1979.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015